Бир студент апасынан акча алып борборго кеткен бойдон 5 жылдан кийин кайтат. Анда апасы: Кел балам 5 жыл уйго келген жоксун: "эмне кылып журдун"-десе, баласы окуп-дейт, апасы кайсында десе инфакта дейт,анда апасы жакшы балам бекер журбоптурсун мына бул эшикти эмне дейт англисче десе баласы апам илгерки адам билбейт деп эшикейшин дейт,терезеничи десе терезейшин дейт анда апасы балам сен окууган окууну биз да окуганбыз азыр ушул эшикейшинден чыгып лапатейшинди алып огоротту капатейшин деген экен:)))
Мугалим Ташматка:
-Ташмат, айтчы беш жерде беш канча болот?
Ташмат:
-Кандай дейсиз?
-Беш жерде беш канча?
-Угулбай жатат.
-Ай Ташмат, жиндиликке салбачы. Эмнеге угулбасын.Келчи экөөбүз орун алмашалы.
Экөөсү орун алмашып Таштан агайдын үстөлүнө барып:
-Агай, менин апама барганды качан токтотосуз?
-Эмне? Чындап эле угулбайт турбайбы...
Кыргызстан өнүгүп, эми маданияттуу митингдер өтө баштады. «Ала-Тоо» аянтында чогулган эл:
– Кетиңиздер! Кетиңиздер! Суранабыз, байкелер,министрлер?!
Аңгыча милиция кызматкерлери келип:
– Урматтуу митингчилер! Кичипейилдикке, сыпайы мамиле жасап кетип калыңыздар! Болбосо күч колдонууга аргасыз болобуз. Колдоно берелиби?
– Макул...
Анда милиция кызматкерлери митингчилерди 3 жолу уруп:
– Ооруган жокпу?
– Ооруп жатат.
– Келгиле анда, мени тээп алгыла.
Бир полковник, катардагы жоокер, кары аял жана жаш кыз поездде бир купеде сапарлаш болуп калышат. Поезд туннелге кирип купенин ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп калганда чмок деген өпкөн үн, артынан эле шапак эткен чапкан үн чыгып калат.Туннелден чыккандан кийин кары аял “азамат, жаш кыз болсо да жаактан ары укмуш чапты” деп ичинен күңгүрөнүп башын чайкайт. Жаш кыз “тандаганды билбеген табити жок кеңкелес ушул картаң аялдын эмнесине кызыкты, өпкөнүн тим эле,бирок аял да ырас чапты” дейт өзүнчө.Полковник “таңгөрү, кызды өпкөн кайдагы катардагы жоокер жаака жеген мен” деп жинденет. Жоокер “хе-хе, жарай турган баламын да, колумду өөп полковниктин жаагын кандай кызыттырдым”.
Адам мүнөзүн аныктаган эң так тест.
Жыйынтыгы таң калтырбай койбойт!
Үстөл үстүндө 5 мөмө бар:
1.Алма
2.Банан
3.Алмурут
4.Шабдаалы
5.Апельсин
Сиз кайсынысын тандайсыз?
Сиздин тандооңуз мүнөзүңүз тууралуу көп нерседен кабар берет.
Жыйынтыгы:
1.Алма-демек Сиз алма жакшы көргөн адамсыз.
2.Банан-демек Сиз банан жакшы көргөн адамсыз.
3.Алмурут-демек Сиз алмурут жакшы көргөн адамсыз.
4.Шабдаалы-демек Сиз шабдаалы жакшы көргөн адамсыз.
5.Апельсин-демек Сиз апельсин жакшы көргөн адамсыз.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эл аралап жүрүп:
-Жашоо кандай?-деп элге узаткан тамаша суроосуна
-Жашоо ЖАКШЫ-деп элдер да тамашалап жооп беришиптир.
МАИ кызматкери катуу ылдамдыкта келе жаткан машинени токтотуп:
-Каяка шашып баратабыз?!
-Сизге 500 сом жеткирип бере калайын деп.








Комментариев нет:
Отправить комментарий